• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көз догдур Исманкуловго жана Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Көз микрохирургия” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына карата иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Исманкулов менен Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн бир нече жооптуу кызмат адамдары материалдык кызыкчылыктарды жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында кылмыштуу аракеттерге барышкандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын №6 клиникалык ооруканасынын 2-корпусунун имараты жеке жактарга ижарага берилүүгө жатпагандыгына жана ооруканаларда орундардын кескин жетишсиздигине карабастан, ижара акыларын атайылап азайтуу менен мыйзамсыз ижарага беришип, мамлекетке 93 млн 162 миң 576 сом материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("коррупция") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий