• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Жыл башынан бери кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарды

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 айында республика боюнча ички иштер органдарында 63 миң 97 кылмыш жана жорук катталып, жалпы кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМде 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн коллегия болуп өткөн.

Быйылкы жылдын алты ай ичинде ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган жалпы 26 миң 644 кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу 54,8% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 9 миң 969 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Ички иштер органдарында жалпы 32 миң 584 (38 146) кылмыш катталган. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде ИИО тарабынан өндүрүштө турган жалпы 16 миң 486 кылмыштын бетин ачуу 50,4% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 6 миң 203 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле ички иштер органдарында жалпы 30 миң 513 жорук катталган. Быйылкы жылдын отчеттук мезгилинде өндүрүштө турган жалпы 10 миң 158 жоруктардын бетин ачуу 62,0% түздү. Бети ачылган кылмыштардын ичинен 3 миң 766 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө айтылгандай, оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган, ошондой эле коомдук жайларда да кылмыш кескин түрдө кыскаргандыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий