• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Илим – өлкө келечегинин өбөлгөсү. Билим берүү министри окумуштууларды куттуктады

Билим 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы — Илим күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кесиптештер! Ардактуу окумуштуулар! Кымбаттуу достор! Илим күнү менен куттуктайм!

Адамзат коомчулугунун азыркы учурун жана келечегин илимсиз жана анын жетишкендиктерисиз элестетүү мүмкүн эмес. Тынчтыкка жана коомдук өнүгүүгө жетишүүдө илимдин жана техниканын ролун, анын адамдардын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасирин баса белгилеп кетпесек болбойт.

Бүгүнкү күндө көп нерсе илим менен байланыштуу - билим берүүнүн сапаты, экономиканын, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшү. Илим – улуттук ресурс, республикабыздын келечегинин өбөлгөсү. Улуттук экономиканын башкы атаандаштык артыкчылыгы жогорку билимдүү адистер, жаңы билимдер жана илимий чыгармачылыктын жагымдуу атмосферасы болушу керек деп ишенем. Бүгүнкү күндө кыргыз илиминин өсүү потенциалы жогору.

Илим күнү – өмүрүн илимий ишмердүүлүккө арнагандардын майрамы. Бул майрам илимий ойдун күчүнө ишенген, жаңы нерселерди табууну көздөгөн адамдардын майрамы. Биз илимди алдыга жылдырган, жаш илимпоздорубуз үчүн жаңы мейкиндиктерди ачкан ар бир ийгиликке чын жүрөктөн кубанычтабыз.

Майрамда өз эмгеги менен ата мекендик илимдин жана кесиптик билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткан окумуштууларыбызга, изилдөөчүлөрүбүзгө жана ЖОЖдордун окутуучуларына коомубуздун жыргалчылыгы үчүн жаңы ачылыштарды жана жетишкендиктерди, мыкты идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууну каалайм! Сиздерге чын дилимден ден соолук, илимий иш ишмердигиңиздерге ийгилик жана бакубат жашоо каалайм!

Майрамыңыздар менен!".

Пикир

Оставить комментарий