• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индияда АКШ элчилигинин аймагында 5 жашар кызды зордуктоого шектелип жаш жигит кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели шаарындагы АКШнын элчилигинин аймагында 5 жашар кызды зордуктоого шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу BBC кызматы билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, окуя ишемби күнү, 1-февралда болгон.

"Кыз ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер зордуктоо фактысын тастыктаган", - деп айтылат маалыматта.

Индиялык кыздын үй-бүлөсү АКШ элчилигинин аймагындагы үйлөрдүн биринде жашаган.

Полициянын маалыматында, шектүү жаран да ошол аймакта жашаган. Ал ойноп жаткан кызды үйүнө чакырып алган.

Белгилей кетсек, Индияда 2018-жылдан бери балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө өлүм жазасы киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий