• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индиялык ишкерлер Кыргызстанда бал жана кургатылган мөмөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана ачууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу Индиядан келген бизнес делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда министрдин орун басары Айыл чарба министрлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү менен министрлик айыл чарба продукциясын Индияга экспорттоого кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле, бал менен төө буурчактын чет өлкөлөргө экспорту тууралуу маалымат берип, акыркы убакта төө буурчак Пакистанга жана Индияга да экспорттолуп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Индияда "E-Choupal" айылдык аймактардын санариптик чоң системасы иштеп жатканынан кабардар экенин жана министрлик бул багытта тажрыйба алууга кызыкдар экенин айтты.

Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал өз сөзүндө, индиялык тарап айыл чарба продукциясын өз ара экспорттоого гана эмес, кошумча нарк менен айыл чарба продукциясын биргелешип өндүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасында балды жана кургатылган мөмөлөрдү кайра иштетүүчү ишкана ачуу планы менен бөлүштү.

Ошондой эле, доктор Асиф Икбал айыл чарба шаймандары Индияда чыгарылган айыл чарба шаймандары Кыргызстанга жеткирүүгө дагы кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында индиялык делегациянын өкүлдөрү кыргыз тарапты 2021-жылдын 10-сентябрында өтө турчу бизнес-саммитке катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий