• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индонезияда шайлоодон кийинки кагылышууларда алты адам каза болуп, 200 жаракат алышты

Дүйнө 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Шейшемби күнү Индонезияда президенттик шайлоонун натыйжаларына каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп, коопсуздук күчтөрү менен утулган талапкердин жактоочуларынын кагылышуусунда 6 адам курман болуп, 200 адам жаракат алышты. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Индонезиянын президенттик шайлоосунда утулуп калган Прабово Субиантонун жактоочулары менен өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда чыккан чыр-чатактарда митингчилерге, унааларга жана полиция участогуна ок атылды. Ошондой эле митинг өткөн түнү өлкөнүн борбор шаары Жакартада бир нече унаага өрт коюлган.

Индонезиянын улуттук полициясынын басма сөз катчысынын билдирүүсүнө караганда, шайлоодо утулуп калган президенттикке талапкердин жактоочуларынын нааразычылык акциялары шейшемби күнү кечинде күчөп, түн жарымына чейин уланган. Полиция митингге жана башаламандыкка үгүттөгөндөрдөн 20 киши кармалганын билдирди.

Бүгүн эртең менен дагы митингчилер Индонезиянын шайлоону көзөмөлдөө уюмунун имаратынын алдына чогулушкан.

Жакартанын губернатору Анис Басведан кечээ, 21-майдагы кагылышууларда 6 адам курман болуп, 200 адам жаракат алганын тастыктады.

Шейшемби күнү Индонезиянын президенттик шайлоосунун жыйынтыгы расмий түрдө жарыяланган жана анын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн учурдагы президенти Джоко Видодо шайлоочулардын добушунун 55,5 пайызына ээ болуп, экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган.

Пикир

Оставить комментарий