• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Иранда ичинде 180 жүргүнчүсү бар украиналык учак кулады

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Ирандын борбору Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аба майданында ичинде 180 жүргүнчүсү бар украиналык учак кулады. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазганын centralasia.media билдирет.

Маалыматта айтылгандай, учак абага көтөрүлгөндөн кийин эле кулаган.

Алдын ала маалымат боюнча, анын кулашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон.

Reuters агенттиги жазгандай, кырсыкка Boeing 737 учагы кабылган.

Пикир

Оставить комментарий