• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Иранда суу ташкыны кеминде 62 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Иранда суу ташкыны кеминде 62 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу РИА Новости ирандык ММКга шилтеме берип жазды.

Ирандын соттук медицина уюму билдиргендей, буга чейин каза болгон 57 адам жана 478 жабыркагандар тууралуу кабарланган.

“Учурда топон суудан көз жумган 62 адамдын жансыз денеси өлкөнүн соттук медицина борборуна жеткирилген”,- деп кабарлайт аталган уюмдун өкүлү Мехрдад Али Бахши.

Бул табигый кырсык нөшөрлөгөн жаандан улам болгон. Топон суу Ирандын 400дөн ашуун айыл жана шаарларын каптап, үйлөрдү, транспортту, жолдорду жана инфраструктураларды жууп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий