• 88.68
  • 95
  • 0.95

Исаева Европа биримдигинин БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жамиля Исаева Кыргызстан Европа биримдигине кирген бардык өлкөлөр менен калыптанган алаканы кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: «Биз демократиялык институттарды бекемдөө, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу жана адам укугун коргоо жаатында жигердүү кызматташып келебиз. Өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүп, байланыштарды чыңдообуз кажет» - деди.

Муну менен катар кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берген Жамиля Исаева мыйзам чыгаруу, анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Өз кезегинде Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала да айтылган бардык сунуш-пикир маанилүү экенин айтып, тажрыйба алмашуу жаатында эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий