• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкана ачуу, экспортту өнүктүрүү. Нарындын мэри менен Индия элчиси кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-августунда Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы багыттары тууралуу баарлашышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө караганда, элчи Кыргызстан менен болгон стратегиялык мамиленин алкагында ар тармактуу кызматташууну жакшыртуу максатын билдирүү менен жалпы коомдун өнүгүшүнө карата долбоорлорду ишке ашырууну сунуштап, Кыргызстанга гранттык жана насыя түрүндө каражат бөлүнөөрүн билдирди.

Жолугушуу учурунда мэр С. Болотбеков Нарын шаарына инвесторлорду тартуу жана кызматташуу боюнча атайын өзүнүн төрагалыгынын алдында инвест кеңеш түзүлгөндүгүн жана эл аралык донорлор менен кызматташууну жакшыртуу максатын билдирүү менен Индия мамлекети менен өнөктөштүктө бир катар долбоорлорду ишке ашырууну жакынкы күндөрү сунуштай тургандыгын билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн алкагында Нарындын аймагында терини, жүндү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, Индия мамлекетине дары чөптөрду, сары майды жана балды экспорттоо талкууланып, өзгөчө аялдарды жана балдарды колдоо багытындагы иштерге көңүл буруу белгиленип, бул багытта алдыңкы убакыттарда дагы жолугушууларды өткөрүүнү белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий