• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкерлер 2,5 айдын ичинде 1 млн ашуун электрондук эсеп-фактураны тариздешти

Экономика 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Ишкерлер 2020-жылдын 1-июлунан тартып 18-сентябрына чейин 127 млрд 241,2 млн сом суммада 1 млн 71 миң электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда система ишке киргизилгенден баштап электрондук эсеп-фактураны 9 миң 911 ишкер пайдаланууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшкөн.

Электрондук эсеп-фактура кагаз жүзүндөгү документке салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, системада иштөө криптографиялык коргоо каражаттарын пайдалануу менен корголгон каналдар аркылуу ишке ашырылып, ал күнү-түнү иштейт жана жетишээрлик жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейске ээ. Электрондук документ эсеп-фактураны түзүүдө жол берилген каталардын санын азайтат, андан тышкары, эгер адресат “Электрондук эсеп-фактура” системасын пайдаланып жаткан болсо, бул системадан чыкпастан контрагентке эсепти тез жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

"СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жана "Санарип Кыргызстан" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында электрондук эсеп-фактурадан тышкары, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар ишке киргизилди. Ошондой эле программалык ККМ-онлайн, товарларды маркалоо жана башка долбоорлорду ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чалар жургүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий