• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ишкерлер үчүн эч кандай камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жана эсептөө боюнча жаңы милдеттендирмелер киргизилген жок

Экономика 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Ишкерлер үчүн эч кандай камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептөө жана кошумча төлөө боюнча жаңы милдеттендирмелер киргизилген жок. Бул тууралуу КРнын Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин баалары өзгөрбөйт, жаңы кошумча жүктөрдү орнотуу каралган жок.

“Бүгүнкү күндө камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү жөнгө салган бардык нормалар кандай иштесе, алыда дагы ошондой иштейт. Мыйзам долбоору регулятивдик түзүлүштөгү кеңештин сунуштарынын алкагында мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун бир тармагындагы укуктук мамилелерди жөнгө салган эки мыйзамды алып келет”, - деди Ирсалиев.

Ошондой эле ал камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтеринин баалары мыйзам тарабынан жөнгө салынарып, алардын ар бир өзгөрүүсү азыркыдай эле келечекте дагы бизнес-коомчулуктун катышуусу менен милдеттүү иштеп чыгуу менен ишке ашат.

“Бизнес тарабынан эч кандай кошумча милдеттендирмелерди аталган өзгөрүү караган жок”, - деди төрага.

Пикир

Оставить комментарий