• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исмаилова медициналык мекемелерди стационарларга кайрадан түзүү мүмкүнчүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Улуттук хирургия борборуна жана Шаардык перинаталдык борборго аталган медициналык мекемелерди коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптар үчүн кайрадан түзүп чыгуу үчүн алардын мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Эксперттер тобу менен биргеликте Аида Исмаилова учурдагы абал менен таанышып, мекемелердин жабдылышы, квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүү, атап айтканда, интенсивдүү терапия тейлөөсүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен таанышып чыкты.

Улуттук хирургия борборунда медициналык кызматкерлер калкка ыкчам хирургиялык көмөк көрсөтөт, ошону менен катар 40 жакын орун коронавирустук инфекциясы өтүшүп кеткен бейтаптар үчүн бөлүнгөн.

Шаардык перинаталдык борбор № 2-төрөт үйүнө тийиштүү кош бойлуу аялдарды да кабыл алат, ал коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн толугу менен кайрадан түзүлгөн. Башка мамлекеттик клиникалар да калкты тейлөө үчүн кайрадан түзүлгөн бөлүмдөрдү сунуштамакчы.

Пикир

Оставить комментарий