• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЮНИСЕФ Кыргызстандын медициналык мекемелерине 15 млн сомдук шаймандарды тапшырды

Ден соолук 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы медициналык мекемелерге шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды өткөрүп берди. Берилген шаймандардын жалпы наркы 15 млн сомдон ашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди.

Бул каражаттар өлкө боюнча 1 миң 735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат: запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө.

“Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртуу жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз”, — дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Бул жардам Gavi альянсынын COVID-19га каршы вакциналарды жеткирүүнү колдоо (CDS) программасынын алкагында ЮНИСЕФтин Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү боюнча аракетинин бир бөлүгү.

Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы жыл сайын 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарат. Медициналык калдыктар жалпы таштандынын болжол менен 2-3 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, алар өзгөчө коркунучтуулардын катарына кирет. Алар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармектерди камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан, мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий