• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция кызматкерлери президенттин атынан энчилүү сааттар менен сыйланышты

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде КР президентинин атынан энчилүү сааттар менен сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Көп жылдык жемиштүү эмгеги жана КР юстиция органдарынын системасын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн, ошондой эле КР Конституциясынын күнүн майрамдоонун урматына Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө юстиция министри Асель Чынбаева аземдин катышуучуларына алардын юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн алкыш айтып, иштерине ийгиликтерди каалады.

Иш-чарага КР президентинин администрациясынын өкүлдөрү, Юстиция министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Сыйлангандардын тизмеси:

Адашмаев Азамат Майрамбекович - Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 мекемесинин начальниги;

Жаныбек уулу Жанарбек - Юстиция министрлигине караштуу Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин А.Жанаев атындагы окуу-машыктыруу борборунун спорттун оюндук түрлөрү боюнча машыктыруучусу;

Мадоморов Мирбек Асылбекович – Ош облустук мамлекеттик архивдин документтерди иштеп чыгуу борборунун башкы архивисти;

Мамасалиева Асмат Орозбековна - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калкты каттоо жана мониторинг бөлүмүнүн адиси;

Панченко Лариса Ивановна - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын долбоордук иштер башкармалыгынын башкы адиси;

Солпиев Нуркалый Абалканович - Юстиция министрлигинин Талас облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси;

Эргешов Толкун Турдукулович - Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустары боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы-координатору.

Пикир

Оставить комментарий