• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Юстиция министрлиги аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен кеңешмелерди өткөрүүнүн жаңы форматына өттү

Коом 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Учурдагы кырдаалды эске абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги аймактык жана ведомстволук бөлүмдөр менен кеңешмелерди өткөрүүнүн жаңы форматына өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, 2020-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров министрликтин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен видеоконференцбайланыш режиминде кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн, аткаруучулук тартиптин сапатын жакшыртуу, жарандардын кайрылууларын жана арыздарын өз учурунда кароо, ошондой эле пандемия учурунда мамлекеттик кызматкерлердин этикалык ченемдерди сактоосу боюнча маселелер талкууланды.

Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин алдына тиешелүү тапшырмалар коюлуп, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынды.

Видеоконференцбайланыш форматында кеңешмени өткөрүү жыйналышты уюштуруунун ыкчамдыгын, эффективдүүлүгүн, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын убактысын сарамжалдуу пайдалануусун көрсөттү.

Юстиция министрлиги тарабынан мындан ары кеңешмелерди жана коллегияларды ушундай форматта өткөрүү жөнүндө маселе иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий