• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлиги медиациянын жаңы механизмдерин киргизүүнү демилгелөөдө

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Юстиция министрлиги медиация механизмин жана институтун түп-тамырынан бери реформалоо боюнча ишти демилгелөөдө.

Учурдагы кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, “Медиация жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынган 2017-жылдан тартып Кыргызстанда медиациянын талаптагыдай жана натыйжалуу өнүгүүсү байкалган жок.

Иш жүзүндө бүгүнкү күндө медиация механизми декларативдүү бойдон калууда, укук колдонуу практикасында колдонулбайт, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарбайт (талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү формасы катары, анын ичинде сот адилеттиги системасын жеңилдетүү үчүн).

Бул жагдай бир катар факторлорго, анын ичинде мыйзамдардагы боштуктарга, кесипкөй коомчулуктун ажырымына, медиацияны практикада колдонуу үчүн механизмдердин жоктугуна байланышкан.

Юстиция министрлиги медиация институтун реформалоого эң манилүү кадамдарды жана “милдеттүү медиация” механизмин ишке киргизүүнү демилгелөөдө.

Атап айтканда, жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик укуктук мамилелер боюнча талаш-тартыштарды, ошондой эле кылмыш-жаза укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды сотко чейинки тартипте чечүү үчүн милдеттүү чара катары ишке медиацияны киргизүүнү караган бир катар мыйзамдар демилгеленет.

Кыргызстанда талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча медиацияны колдонуу механизми кайра каралат.

Мындан тышкары медиаторлордун ишин координациялоо максатында өз алдынча уюштуруу-укуктук формадагы жарандык коомдун институту катары Медиаторлор палатасын түзүү пландалууда. Ошол эле учурда медиация чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча милдетти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөө сунушталууда.

Белгилей кетчү нерсе, алдыдагы реформалар, региондордо медиацияны өнүктүрүүгө, ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу топторун кошкондо, адамдардын бардык категорияларына багытталган.


Маалымдама үчүн:

  • медиация - талашкан тараптардын өз ара алгылыктуу макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөк көрсөтүүсүндө талашты жөнгө салуу жол-жобосу;
  • медиатор - ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү, медиацияны жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак.

Пикир

Оставить комментарий