• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлиги жазык-аткаруу мыйзамдарын гумандаштыруунун алкагында пилоттук долбоорду ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Юстиция министрлиги жазык-аткаруу мыйзамдарын гумандаштыруунун алкагында №2 колониясындагы айыпталган аялдарга укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрликтин Жазаларды аткаруу кызматы соттолгондордун иштерин сот органдарына кайра кароого жиберүү боюнча план ченемдүү иштерди жүргүзүүдө.

Соттолгондордун укуктук жактан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, аларды укуктук жактан агартуу жана жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыз кылуу, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында Юстиция министрлиги айыпталгандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду демилгелеген.

2022-жылдын 10-февралында министрдин орун басарлары Алмазбек Зарылбек уулу жана Орозбек Сыдыковдун жетекчилигинин астында Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун адвокаттар тобу Степное айылындагы №2 аялдар колониясына барышты.

Анын алкагында жактоочулар 60 аялга укуктук жардам көрсөтүштү, алардын арасынан 41 айыпталуучунун иши жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча кайра каралууга тийиш жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар. МКЮЖ КБдун координаторлору алардан квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө арыз алышкан.

"Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча, көптөгөн соттолгондор кылмыш ишинин алкагында гана эмес, ошондой эле мекеменин дубалдарынын сыртында келип чыккан маселелер боюнча укуктук колдоого муктаж экендиги аныкталды. Мисалга алсак, балдарды камкордукка алуу, ар кандай документтерди же мүлккө болгон укуктарды калыбына келтирүү жана башка", - деп айтылат маалыматта.

Юстиция министрлиги №2 колониядагы соттолгон аялдарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнү улантат, ошондой эле башка колонияларга баруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий