• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

JICA долбоорунун алкагында 500дөн ашуун салык кызматкери дистанттык негизде окуудан өттү

Коом 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргелешип ишке ашырылып жаткан салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү системасын жакшыртуу боюнча долбоордун жетекчиси Ивашита Кеничиро менен жолугушту. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар салык органдарынын кызматкерлерин аралыктан/электрондук окутуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады, анын алкагында 500дөн ашуун кызматкерлер дистанттык негизде окуудан өтүштү.

Дистанттык (электрондук) окутуу системасынын жардамы менен салык кызматынын кызматкерлери смартфондордун, ноутбуктардын жана жеке компьютерлердин жардамы менен иштен бошотулбастан жана эң аз убакытта өз квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ведомствонун башчысы К.Абдалиев заманбап чакырыктарга жана мезгил талабына ылайык, ошондой эле Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Салык кызматы бир катар мамлекеттик жана өкмөттүк программаларды жана долбоорлорду, анын ичинде фискалдаштыруу боюнча салыктык жол-жоболорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, туруктуу окутуу жана алардын квалификациясын өзгөчө дистанттык негизде жогорулатуу аркылуу чечилүүчү жогорку квалификациялуу адистерге, салыкчыларга муктаждык көбөйдү.

Анын үстүнө акыркы жылдары Салык кызматына бир катар жаңы функциялар, анын ичинде камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча Социалдык фонддун функциясы, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функциялар, ЕАЭБ алкагында алынып келинүүчү товарларды эсепке алуу боюнча функциялар берилген. Ошондуктан фискалдык орган үчүн кызматкерлерди аралыктан окутууну жана квалификациясын жогорулатууну туруктуу негизде уюштуруу маселеси актуалдуу болуп саналат.

JICA эксперти Ивашита Кеничиро бул долбоор үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аяктаарын эске салды. Ушул калган мезгилде бир катар масштабдуу иш-чаралар, анын ичинде жаштар аудиториясы үчүн МСКнын машыктыруучуларын пилоттук окутууну киргизүү жүргүзүлөт. Алсак, жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстары, орто-атайын окуу жайлардын жана экономикалык эмес багыттагы жогорку окуу жайлардын студенттери, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн.

JICA эксперти ушул жылдын февраль айында биргелешкен координациялык комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Ушул жыйындын алкагында тараптарда мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү болот.

Белгилей кетсек, “МСКнын кадрдык потенциалык өнүктүрүү системасын жакшыртуу" долбоору салык кызматынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү жана республиканын калкынын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дистанттык/электрондук окутууну киргизүү аркылуу ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий