• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күбө: Абдрахмановго «MegaCom» боюнча берген жардамына $1 млн берүүнү убада кылышкан

Коом 0

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда бүгүн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соттук процесси уланды.

Процесстин жүрүшүндө прокурор мамлекеттик айыптоочу мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы күбө, Бейиль Айдакееванын чет өлкөгө кеткендиги боюнча справкасы бар экенин айтып, анын берген көрсөтмөсүн окуп коюуга уруксат сурады.

Жактоочулардын жарымы бул маселени соттун кароосуна коюшса, Чотоновдун адвокаты Бактыбек Жумашев күбө сот залында көрсөтмө бериш керектигин билдирди.

Бирок судья Эрнис уулу Айбек күбөнүн көрсөтмөсүн окуду.

Айдакеева 2010-жылдын акырында “Италья эмеректеринин үйүндө” директор болуп иштегенин, анын өмүрлүк жолдошу Өмүрбек Абдрахманов депутат болуп, “MegaComду” улутташтыруу маселеси боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссияны жетектегенин айткан.

“Менин кеңсеме таанышым райондор аралык соттун төрагасы Канат келди. Ал “Альфа-Телеком” компаниясынын 51% Россия тарапка чечип бериш керектигин айтты. Ал менден менин күйөөм буга жардам берүүсүн суранды. Канат 1 млн доллар сунуш кылып, бардык тиешелүү мекемелер “Мега Комдун” Россия тарапка чечилишине кошумча баары 300 миң доллардан 1 миллионго чейинки каражат алышты. Ошондой эле, Канат Текебаевди, УКМКны , Башкы прокуратураны айтты. Мындан тышкары ал судьялар жана депутаттык комиссиянын башка мүчөлөрү менен дагы маселе чечилген, бир эле сиздин жолдошуңуз калды деди. Ага 1 млн доллар сунушталып жатат. Мен Канаттан Россиянын компаниясынын кызыкчылыгын ким көздөп жатканын сураганымда ал Рыкунова деди. Муну укканда мен келишимдин ачыктыгынан шек санап калдым. Себеби мен ал менен тааныш болчумун. Мен аны кетүүсүн сурандым. Кечинде баарын жолдошума айттым, ал мага ишенбей Канат айткандардын баары калп деди. Муну менен бул маселе жабылган болчу”,-деген тергөөдө Айдакеева.

Булагы: www.vb.kg

Пикир

Оставить комментарий