• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабында тротуарды оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Бишкектин Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабында тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү. Тротуардын асфальтынын эски катмары сыйрылып, ирригациялык система, бордюрлар орнотулуп, ысык асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү.

Учурда Юнусалиев көчөсүнүн батыш тарабындагы Ахунбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий