• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттикке талапкерлердин саны 16га жетти

Саясат 0

Бишкек, 6-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиянын юристи Чолпонбаев Мукар Шалтакович 5-июлда БШКга президенттикке талапкер катары арызын берген.

Маалым болгондой, Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта туулган. БШКнын билдирүүсүнө ылайык, 6-июлга карата катталгандардын саны 16 жеткен.

- «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов,

- “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев,

- “Аурдин” ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаев (“Кыш болбойт” фразасынын автору),

- “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев,

- “Коомдук анализ институту” КУ директору Рита Карасартова,

- “Маро” (Латвия) латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов,

- Борбор Азия эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева

- Экс-премьер-министр Темир Сариев - Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу

- БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков

- “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев

- “Республика Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов

- Замира Муратбекова – пенсионер (өзүн өзү көрсөткөн);

- Санжарбек Энназаров – убактылуу иштебейт (өзүн өзү көрсөткөн);

- Сагынбек Абдрахманов – “Сүймөнкул Чокморов” коомдук фондунун төрагасы (өзүн өзү көрсөткөн);

- Мукар Чолпонбаев - экс-депутат (өзүн өзү көрсөткөн).

Пикир

Оставить комментарий