• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күмөндүү акциздик маркалар. Салык кызматы 4,8 миң бөтөлкө алкоголь тартып алды

Коом 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дордой Food" базарынын аймагынан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциянын сатуу максатында сакталган факты аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кампадан "Аю" ЖЧК жана "Бишкек Алко пром" ЖЧКсы чыгарган 4 миң 800 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий