• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көз жоосун алган сүрөттөр: Кыргызстандын жерине суктанган туристтер

Коом 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын кооз табияты көптөрдү суктандырып келет. Өлкөбүздү көрүүгө келген туристтер да табияттын кооздугу тууралуу сөз кылышат.

Улуу Британиядан Кыргызстанга келип, өлкөбүздүн булуң-бурчун көрүп кеткен Ричард Ватсон (Richard Watson) саякаттап жүргөндө тарткан сүрөттөрүн фейсбукка жүктөп, Кыргызстан тууралуу ой-пикири менен бөлүшкөн.

"Кыргызстанда туризм тармагы жаңыдан бутуна туруп келе жатат. Мындан улам ал өлкөнү туристтер каптай элек учурда аны таанып-билүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар. Өлкө 1991-жылы Советтер Союзу тараганда эгемендүүлүктү алган", - деп жазат ал.

Ричард, Кыргызстан сүрөт тарткандар жана жаратылышты сүйгөндөр үчүн бейиш жер экенин белгилеген.

"Өлкөнүн 80%дан ашык аймагын тоо каптайт. Туптунук болгон көлдөр, өзгөчө маданият жана элинен меймандостугу адамды таң калтырбай койбойт. Кыргызстандын тургундары саякаттоочуларды жакшы көрүшөт. Туристтерди конок деп атап, үйгө чакырып нан жана чай сунат", - дейт ал.

Ричард Бишкек, Ош, Сары-Челек, Арсланбап, Казарман, Нарын, Кел-Суу жана башка жерлерде саякат жасаган.

Пикир

Оставить комментарий