• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө

Президент 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда президент, Ак-Талаа районунун чоң потенциалын белгилеп, анын алыскы тоолуу район катары дагы Кыргызстандын башка аймактары менен биргеликте өнүгөрүн айткан.

Президент ак-талаалыктарга бүт республикада аймактарды өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берген. Бул жер-жерлерде, айылдарда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү – салыктардан бошотуу же аларды кыскартуу, продукцияны сертификаттоо боюнча жаңы лабораторияларды куруу, айыл ишкерлерин колдоо боюнча финансылык институттардын ишмердиги, жеңилдетилген насыялоо, өндүрүштү өнүктүрүү жана экологиялык таза продукцияны экспортко чыгаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт тармактарындагы реформалар, сот-укуктук реформа жана коррупция менен күрөшүү.

Ошондой эле ал, өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүүнү жана ошондой эле тышкы саясаттагы жүргүзүлүп жаткан иштерди өзгөчө белгилеп өткөн.

Сооронбай Жээнбеков ирригация жана таза суу менен камсыздоо боюнча улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө кеңири токтолуп, бул багыттар анын президенттик кампаниясынын негизги убадаларынан болгонун белгилеген.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына ылайык, 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жерлер өздөштүрүлүп, 50 миӊ гектар жердин суу менен камсыздоосу жогорулайт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуштун 69 айылы таза суу менен камсыз болуп, эми алдыдагы 5 жылда 584 айылга таза суу тартылат.

Өлкөнүн стратегиялык жана ички жолдорун куруу уланууда, ар бир райондук борбордо 4 чакырымдан кем эмес жолдорду оңдоп-түзөө башталды, энергетикалык долбоорлор ишке ашууда, ГЭСтерде реконструкциялар жүрүп жатат.

Ипотекалык насыя берүү тууралуу айтсак, мамлекеттик ипотеканын пайызы 14төн 7 пайызга төмөндөдү. 8-10% менен 3 миң 800 ипотекалык кредит берилди. Ипотекалык кредитке бюджеттен бөлүнгөн акчаны быйыл 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган максаттар жана милдеттер кыргызстандыктардын кызыкчылыктарында ишке ашырыларын белгилеген.

Андан кийин жолугушуу суроо-жооп форматында улантылган.

Пикир

Оставить комментарий