• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Кабар" МАБ: Президент Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна болгон иш сапары

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын активдүү түрдө улантууда. Бул ирет кезекте Ош облусу болду. Президент Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Мындан сырткары, президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) мисалында билим берүү системасын санариптештирүү менен таанышты. Мамлекет башчысы Ош мамлекеттик университетинин алдындагы Индустриалдык педагогикалык колледжинин жаңы окуу имаратын көрүп чыкты. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков курулуш иштери 2019-жылдын октябрь айында башталганын, учурда бүткөрүлүп, имарат ишке кирүүгө даяр экендигин маалымдады.

Заманбап окуу имараты Ош мамлекеттик университетинин өзүнүн каражатына курулган. Анда жыйын-залдары, окуу залдары, аудиториялар, китепкана, электрондук жана санарип лабораториялар бар. Азыркы учурда колледжде 1500дөн ашык студент билим алышат.

Мамлекет башчысына университеттин ич ара бөлүмдөрүнүн ортосундагы иш кагаздарын айлантууну толугу менен санариптештирүү, ошондой эле "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдар менен автоматташтырылган маалымат алмашуу милдетин аткарган "Электрондук университет" аянтчасын көрсөтүштү. Аянтча университеттин Айти адистери тарабынан иштелип чыккан.

"Санариптештирүү убагында келди. Убакыт өткөндөн кийин жаңы технологиялар жаатындагы мүчүлүштүктөр чечилгенде, жарандар санариптештирүүнүн бардык артыкчылыктарын көрүшөт. Тактап айтканда, республиканын университеттеринин ортосундагы билим берүү тутумунда бирдиктүү байланышты түзүүгө болот. Бул студенттер жана окутуучулар үчүн көптөгөн пайдалуу иш-аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет. Видео конференциялар жана ар кандай предметтер боюнча олимпиадаларды өткөрүүгө болот. Жалпысынан санариптештирүү адамдарды бири-бирине жакындатууга жана аралыкты кыскартууга жардам берет”, - деди IT инженери Руслан Абишев.

Нет описания.

Жолугушууда аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында ОшМУда заманбап санариптик билим берүү чөйрөсү түзүлгөнү белгиленди. Студенттер өздөрү чогулткан роботторду көрсөтүп, Айти технологиялар боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле электрондук китепкананы, заманбап шаймандар менен жабдылган тигүү бөлмөсүн жана сүрөтчүнүн иш бөлмөсүн көрүп чыкты.

Белгилеп кетсек, колледжде Ош мамлекеттик университетинде окуп, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул окуу жайында эмгектенген Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ачылган. Мамлекет башчысы санарип музейди көрүп чыгып, Рыспай Абдыкадыров менен жакшы тааныш болгонун айтып, анын таланттуу музыкант, композитор гана эмес, ошондой эле жаркын инсан жана элдин сүймөнчүгү экендигин баса белгиледи. Композитордун кызы Сюита Абдыкадырова Рыспай Абдыкадыров атындагы республикалык фонду өз кезинде Сооронбай Жээнбеков тарабынан түзүлгөнүн ыраазычылык менен белгиледи. Ал атасынын элесин жана чыгармачылыгын урматтаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президент музейдин меймандар китебине кол жазмасын калтырды. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле мугалимдер менен баарлашып, ОшМУнун ишмердүүлүгүн санарипке өткөрүү боюнча ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи.

Президент университетке санариптик технологияларды киргизүү менен башкаруу жана окутуу процесстерин трансформациялоо — учурда дүйнөдөгү эң маанилүү талап экенине токтолду.

"Президент Жээнбековдун сөзүнө кошулбай койсо болбойт. Кыргызстан тез арада жаңы технологияларды мүмкүн болушунча активдүү өздөштүрүшү керек, ансыз күнүмдүк жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул багытта көптөгөн пайдалуу иштер жасалгандыгын белгилей кетейин. Айрым университеттерде объективдүү себептерден улам заман талабына туруштук бере албаган "эски" кадрлар бар. Алардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, семинарларды сапаттуу өткөрүү керек. Ар бир адам санариптештирүүнү өздөштүрүшү керек. Бул учурда гана ал ар бир жаран үчүн бирдей натыйжалуу болот", - деди Абишев.

Өлкө башчысы заманбап санариптик технологиялар билим берүүнүн сапатын жана студенттердин мотивациясын жогорулатып, ошону менен азыркы атаандаштык күчөп турган эмгек рыногунда ийгиликтин негизин түзөрүн баса белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков ОшМУнун эмгек жамаатына жана студенттерине билим берүүгө заманбап санарип технологияларды киргизүү боюнча ОшМУнун тажрыйбасы өлкөнүн башка билим берүү мекемелери үчүн жакшы үлгү болорун баса белгиледи. Буга байланыштуу Мамлекет башчысы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго ОшМУнун негизинде Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын ректорлору үчүн тааныштыруу семинарын уюштурууну сунуштады.

Нет описания.

Андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин лабораториясынын жаңы имаратын көрүп чыкты. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу процессине техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында Оштогу карантиндик лабораториянын жаңы имаратынын курулушуна 240 миң АКШ доллары бөлүнгөнүн маалымдады.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен бүткөрүлгөн. Лаборатория эл аралык стандарттарга жооп берет. Лабораториянын адистерин окутууга 105 миң АКШ доллары бөлүнгөн, окутуунун биринчи этабы 2019-жылы өткөн, ал эми экинчи этабы болсо жакын арада күтүлүүдө. Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында лаборатория 17,5 млн сомго заманбап лабораториялык эмеректер жана жабдуулар менен камсыздалган.

Бүгүнкү күндө лабораторияда энтомологиялык, бактериологиялык, микологиялык, фитогельминтологиялык жана гербологиялык иликтөөлөр жана анализдер жүргүзүлүп жатат.

"Мындай лабораториялар чарбаны өркүндөтүү, өнүмдөрдүн сапатын жогорулатуу жана сиздер менен биздин коопсуздугубуз үчүн абдан маанилүү деп дайыма айтып келем. Мындай лабораториялар Кыргызстан үчүн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул өз кезегинде өлкө экономикасына гана эмес, ар бир тармактын өзүнчө динамикалуу өнүгүүсүнө түрткү берет", - деп билдирди "Кабар" МАБдын туруктуу эксперти Юрий Куринский.

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча бул лабораториянын негизги максаты — заманбап технологиялардын негизинде эл аралык талаптарга ылайык, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн фитосанитардык макамын аныктоо, ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук потенциалын көтөрүү. Лабораториянын ишин өркүндөтө турган санариптештирүү боюнча иш-чаралар мерчемделүүдө, маселен, арыздарды жана документтерди текшерүүнү кабыл алуу онлайн режиминде болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы эки кабаттуу имаратты, колдонулуп жаткан аппараттарды, ошондой эле автоунаанын базасында түзүлгөн, зарыл болгон жабдыктар менен жабдылган мобилдик лабораторияны көрүп чыкты. Лабораториянын кызматкерлери менен баарлашууда мамлекет тарабынан аймактардагы ишкердикти өнүктүрүүгө бир кыйла каражат бөлүнүп берилип, экспортко багытталган ишканаларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы бир канча жыл мурда аймактардагы фермерлерде өндүргөн продукцияларын сатууда, анын ичинде лабораториялык инфратүзүм өркүндөлбөгөндүктөн көйгөй жаралып келгенин эске салды. Сооронбай Жээнбеков бул максатта лабораторияларды эл аралык стандарттарга ылайыктап модернизациялоо улантылып жатканын кошумчалады.

"Мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүү, аймактарга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардыгын жасап жатат. Бул үчүн каржы институттарынын каражаттары жер-жерлерге бурулду. Биз айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө абдан чоң көңүл буруп жатабыз, бирок мындай лабораториялар болбосо, биздин продукцияларды сырткы рынокторго чыгарууга мүмкүнчүлүк болмок эмес", - деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Президент Жээнбеков республиканын аймактарына жумушчу сапарларын жасоосу менен жеке демилгелеринин ишке ашышын көзөмөлдөөдө. Жергиликтүү бийлик да муну түшүнүп, бардык мамлекеттик долбоорлорду иш жүзүндө жүзөгө ашыруу багытында олуттуу иштерди жасап жатат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий