• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжай-Чечме жолун асфальттоодо “сол чөнтөккө” кеткен 40,8 млн сом. Министр үн катты

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасын текшерүүдө 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга колдонулганы тууралуу маалымат боюнча үн катты.

Күн мурун Башкы прокуратура Кадамжай-Чечме жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылганын билдирген.

Министри Тилек Текебаев жогоруда аталган 40,8 млн сом боюнча тергөө амалдарынын жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди.

“Бул иш мен министрлик кызматка киришкенче болгон экен. Ошентсе да көзөмөлдү күчөтүп, жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Дагы бир жолу айтып кетким келет, жогорудагы 40,8 млн сом боюнча иш Ноокат жолун оңдоо иштерине тиешеси жок. Эске салсак, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына аз убакыт мурда эле жаңы директор дайындаганбыз”, - деди ал.

Текебаев кызматка келгенден кийин Сосновка жана Кара-Көл шаарындагы постторго видео байкоо орнотулганына токтолду.

“Жыйынтыгында быйылкы жылдын биринчи кварталында, былтыркыга салыштырмалуу Сосновка постунда акча чогултуу 49%га, ал эми Кара-Көл постунда 39%га өстү. Салмак-габариттик текшерүү пункттарында көзөмөл күчөгөндөн кийин 2022-жылга салыштырмалуу быйыл түзүлгөн протоколдордун саны 299%га, ал эми айып пулдар 253%га өстү. Башкача айтканда, акчалар сол чөнтөккө эмес, мамлекеттин казынасына түшүп баштады. Салмак-габариттик текшерүү пункттарынын баарына видео байкоо орнотулат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий