• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош - Баткен - Исфана унаа жолун оңдоодо 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылган

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Ош - Баткен - Исфана унаа жолун оңдоодо 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн алкагында аталган ишкананын кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрүнө жана башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык табуу максатын көздөшүп, 2022-жылы “Т.и.К.” ЖЧКсы менен түзүлгөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай-Чечме участогуна 20 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча келишимдин негизинде 40 млн 888 миң сом бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына колдонуп жиберишкендиги аныкталган.

Ошол эле учурда, “Кыргызавтожол” МИнин мурдагы башкы бухгалтери Б.О., ишкананын директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана ишкананын директору менен макулдашуусуз “Т.и.К.” ЖЧКму тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскартуу жана карыздын иш жүзүндөгү суммасын жашыруу максатында 12 млн. 681 миң сом акча-каражатын “Кыргызавтожол” МИнын эсебинен “Т.и.К.” ЖЧКму пайдасына чыгарып салган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иш козголуп, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий