• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Чек арачыга бирден китеп” акциясында 3,7 миңден ашык китеп чогулду

Коом 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 24-25-апрель күндөрү “Чек арачыга бирден китеп” акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында 3 миң 700дөн ашык китеп чогулду.

“Китептер чек ара тарамдарына жөнөтүлөт. Чек ара кызматы акцияга катышып, чек арачыларды колдоо менен китеп бергениңер үчүн ыраазычылык билдирет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий