• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кадамжайда кылмыштуулукту болтурбоо максатында “Салам мектебим" рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда зордук-зомбулуктун алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо максатында “Салам мектебим" аталышындагы рейд жүрүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери менен 21–23-сентябрь аралыгында жол коопсуздугу боюнча окуучулар арасында маектешүүлөрдү уюштурууда.

Мектеп окуучуларынын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин уюштуруп, күн сайын эрте менен окуу башталганга чейин автоунаа жолдорунун четтерине курулган мектептердин алдында окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн ишке тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий