• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжайда унаа каналга кулап, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.18 /Кабар/. Баткен облусундагы Кадамжай районунда Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа Кожо-Кайыр каналына кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык кечээ, 7-августта саат 22:30да Кол айылына жакын жерде болгон. Анын кесепетинен 63 жаштагы 2 адам каза болгон.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгондордун денелерин алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий