• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматкери Аброр Хакимов Ташкенттеги эл аралык мелдеште жеңишке жетти

Спорт 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Ош шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Ташкенттеги кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетти.

Аталган кызматтан билдиришкендей, мелдеш 15-июндан 21-июнга чейин Өзбекстанда өттү.

Аброр Хакимов 75 кг салмактагылар арасында өзбекстандык атаандашын накаут менен жеңип алган. Эл аралык турнирге 12ге жакын өлкөнүн профессионал спортчулары катышкан.

Эскерте кетсек, Аброр Хакимов кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.

Пикир

Оставить комментарий