• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык 4 дзюдочу Дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасы Венгрияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 6-13-июнь күндөрү Будапешт шаарында өтөт.

Чемпионатта Кубанычбек Айбек уулу (60 кг), Владимир Золоев (81 кг), Эрлан Шеров (90 кг) жана Юрий Краковецкий (100 кг) күч сынашат.

Белгилей кетсек, курама команданын мүчөлөрү Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Будапешт шаарына жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий