• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кайгуул кызматы майдын аягына чейин рейддик иш-чараларды өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында күчөтүлгөн тартипке өтүү боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Анда башкармалыктан орун басары Айбек Жумагулов тарабынан рота аскерлерине жана бөлүм башчыларына жалпы ИИМдин талаптарын жана буйруктарын аткаруу жана 1-10-май аралыгында жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Ошондой эле орозо айынын бүтүшү жана май айынын майрамдык эс алуу күндөрүнүн башталышына карата коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун толук кандуу камсыздоо багытында 31-майга чейин рейддик иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий