• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматы. Жарандардын арасынан келгендер жакшы жыйынтык көрсөтүүдө − Ибраимов

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Жарандардын арасынан милициянын кайгуул кызматына келгендер жакшы жыйынтык көрсөтүүдө Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер орган бөлүмдөрүн реформалоо боюнча жумушчу топтун башчысы Тамерлан Ибраимов билдирди.

Белгилей кетсек, учурда кайгуул кызматы Бишкек шаарында иштеп жатат. Жакында ал кызмат Ош шаарында пайда болот. Азыркы тапта ага сынак жарыяланган.

“Катардагы жарандарды бул сынакка катышууга чакырабыз. Бишкек шаарындагы тажрыйба көрсөткөндөй жарандардын арасын келгендер жакшы жыйынык көрсөтүүдө. Кайгуул кызматын түзүүнүн максаты жаңы кызматта коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу болгон. Экинчиси жаңы кызматты репрессиялык эмес, кызмат көрсөтүүчү кылуу – жарандарга жардам көрсөткөн, кол кабыш кылган. Биринчи жыйынтыктар жакшы десе болот. Ал − жумушчу топ, сынактык комиссия тандоону ачык-айкын кылып, коррупциясыз кылуу максатын койгонунун жыйынтыгы. Ал нерсени жасай алдык деп ойлойм. Аны сынакка катышкандар, сынактык комиссиянын мүчөлөрү тастыктай алат. Сынактык комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымы жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турат. Ачыгын айтыш керек, мурда жарандар ички иштер органдарына, МАИге ишке орношуудагы коррупциялык көрүнүштөргө арызданып келишкен. Кызматка келиш үчүн акча төлөчү. Ал эч кимге жашыруун болгон эмес”, - деди ал.

Анын айтымында, учурдагы жаңы кызматтын кызматкерлеринин 80-90%ы чынчыл кызматкерлер.

“Ошентсе да мурдагы адаты боюнча кимдир бирөөлөрдө коррупциялык көрүнүштөр болуп жатат. Карантин маалында баары көргөн болуш керек, бир кызматкерлер пара алуусуна шектелген видео чыккан. Ал кызматкерлерге карата катуу чаралар көрүлүп, кызматтан алынган. Ал учур боюнча материал укуктук баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилген”, - деди ал.

“Оң жылыштардын болуп жатканынын экинчи себеби, жаңы кызматтын кызматкерлеринин функционалдык милдеттеринин өзгөрүшү. Башкача айтканда, МАИ кызматы менен жөө кайгуул кызматынын бириктирилиши. Анын жыйынтыгында жол коопсуздугу үчүн гана эмес, коомдук коопсуздукка жооп берген кызматка ээ болдук. Аларга кайгуул аркылуу кызмат өтөө тапшырмасы коюлган. Мурда МАИчи бадалдарга жашынып, өзүнүн кезектеги “курмандыгын” күтүп, таякчасын булгалап тосуп алчу. Ошентип коррупциялык көрүнүштөр башталчу. Учурда милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлерине андай жол менен кызмат өтөөсүнө тыюу салынган. Алар таякчаларды колдоно албайт. Таякчаларды белгилүү бир учурларда пайдаланууга болот: жол кыймылын жөнгө салууда, фильтрациялык жана блок посттордо. Калган учурларда таякчаларды колдоно албайт. Алар бир жерде, жолдун кесилиштеринде турбашы керек. Кайгуул кылып кызмат алып барышы зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий