• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайра шайлоо. Токмокто добуш сатып алуу боюнча 2 билдирүү түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Жылдыз Молдогазиева шайлоо боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, саат 14:00го карата Токмок шаарында 9 миң 201 адам добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 24,15%ын түзөт.

Акыркы сааттарга карата добуш сатып алуу боюнча 2 билдирүү түштү. Бул иштер боюнча ыкчам топ иликтөө жүргүзүп жатат»,-деди ал.

Молдогазиева бардык шайлоо тилкелеринде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчун бардык шарттар түзүлгөн. Шаарда мүмкүнчүлүгү чектелген 200 адам жашайт. «Алар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Аларга ыңгайлуу болушу үчун атайын урналар коюлду жана Брайл шрифти менен басылган бюллетендер бар»,-деди төрайым.

Пикир

Оставить комментарий