• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо 2021. Саат 16:00гө карата 132 миң 139 шайлоочу тандоосун жасады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-июль, саат 16:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 132 миң 139 адам добуш берди. Бул тууралу БШКнын сайтында жазылат.

Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 21,40%ын түзөт.

Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий