• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Камсыздандырылбаган жарандар полис алып, дарыларга 50%дык арзандатуу ала алат

Ден соолук 0

Бишкек, 06.11.18. / Кабар/. Камсыздандырылган жарандар дары-дармектерди 50%дык арзандатуу менен ала алат. Мамлекетке камсыздоо төлөмдөрүн чегербеген жарандар да полис сатып алып, 50%дык арзандатууга ээ боло алат. Бул тууралуу КРнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) өкүлү Гульмира Черикова “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек боюнча калктын 73%ы гана камсыздандырылган. Калгандары маселен, базарда соода кылган, дыйканчылык менен алектенген жарандар медициналык камсыздоонун полисин ала алышат.

“Полис менен дары-дармекти жеңилдетилген баада алууга болот. Дарыгер дары жазып бергенде келишим боюнча жарандар дарынын баасынын бир бөлүгүн төлөйт. Кайтарымдын орточо суммасы 50-60%ды түзөт. Эгер дары 100 сом турса, 50-60 сомун ММКФ төлөйт, калганы бейтаптын чөнтөгүнөн каржыланат”.

Камсыздандырылган жарандар алган кызматты алуу боюнча документти 1200 сомго сатып алууга болот.

Ошондой эле Черикова аймактардан, жаңы конуштардан келген жарандар жакынкы бейтапканага каттоого туруш керектигин белгиледи: “Шаардык каттоо жок деп кабатырлануунун кереги жок. Алар жакынкы аймактык ооруканага кайрылып, убактылуу болсо да ал жерге каттоого туруусу керек”.

Маалымат үчүн: Иштегендер, пенсионер, ММКнын полиси барлар, 5-16 жаш арасындагы балдар, дыйкандар, жөлөкпул алып жаткан жарандар калктын камсыздандырылган катмарына кирет. Алар үчүн лабораториялык жана диагноздук текшерүүлөр акысыз жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий