• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каныбек Иманалиев Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине барды

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжине барды.

Ведомстводон билдиришкендей, министр окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, колледждин окуу бөлмөлөрүн жана мейманканасын карап чыкты.

Белгилей кетсек, окуу жай 1979-жылы негизделген. Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен реконструкцияланган жана “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” адистиги боюнча студенттерди окутуу үчүн мейманкана ачылган.

Азыр бул жерде 9 адистик, алардын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү”, “Моделдөө, конструкциялоо жана тигүү буюмдарынын технологиясы”, “Компьютердик технологиялар жана автоматташтырылган системалар үчүн программалык камсыздоо” жана башка адистиктер даярдалат.

Пикир

Оставить комментарий