• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Балтада катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учурган

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кара-Балтада катуу шамал турак үйлөрдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында ылдамдыгы болжол менен 28 м/с жеткен шамал катталып, 4 турак үйдүн жалпы 203 чарчы метр чатырын, Аюу-Таш кафесинин 250 чарчы метр чатырын жана 2 чарбалык курулуштун 210 чарчы метр чатырын учурган.

Жерине КР ӨКМнин Жайыл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 20-июлда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет борбору буга чейин катуу шамал тууралуу шашылыш эскертүү таркаткан.

Пикир

Оставить комментарий