• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Балтада келин өз жанын кыйды

Аймак 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Кара-Балта шаарында 31 жаштагы келин жанын кыйды. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кабарлады. Окуя 11-апрелде саат 14:00 чамасында болду.

Маалыматка ылайык, маркум аял кайнатасынын үйүндө коноко келип, сейфте катылуу турган "Симонов" карабини менен өзүн көкүрөккө атып жиберген. Ал окуя болгон жерде каза болгон.

Келин "Өлүмү үчүн эч кимди күнөөлөбөгүлө" деген кат калтырып кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, келин күйөөсү менен жашап жүргөн жана жети айлык кызы бар.

Адистер учурда суициддин себептери аныктап жатат.

Пикир

Оставить комментарий