• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Буура районунун суу чарба башкармалыгына айыл чарба техникалары берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. 25-февралда Талас облусунун Кара-Буура районунун суу чарба башкармалыгына айыл чарба техникалары берилди. Бул тууралуу КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министрдин маалыматына ылайык, Кара-Буура районундагы сугат системаларын өз убагында тейлөө үчүн "Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында райондук суу чарба башкармалыгына атайын техникалар, анын ичинде дөңгөлөктүү экскаватор, автоунаа грейдери, самосвал, бетон аралаштыргыч, бульдозер, фронталдуу жүктөгүч, автоунаа крандары тапшырылган.

"Долбоордун негизги максаты – айыл элинин жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыкты азайтуу, улуттук азык-түлүк коопсуздугу программасынын максаттарын ишке ашырууга салым кошуу, аймактын экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет. Долбоор Кара-Буура районун сугат суусу менен камсыз болушун жакшыртууга, анын ичинде 1385,5 га сугат жеринин жана Сарымсак ирригациялык системасын реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен 1747,6 га жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. Долбоордун алкагында 12,8 километр магистралдык каналды жана 45 километр ички чарбалык тармакты куруу каралган", - деп жазган министр.

Белгилей кетсек, "Сарымсак ирригациялык системасын" реконструкциялоо жана модернизациялоо Карабура дамбасынан кошумча сууну айыл чарба муктаждыктарына багыттоого, ошону менен дамбанын потенциалын жана өлкөнүн суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга чоң мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий