• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Көлдө катардагы жоокер кокусунан ефрейторду атып алган

Кырсык 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Кара-Көл шаарында катардагы жоокер кокусунан ефрейторду атып алган. Бул тууралуу ИИМдин ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 13-апрелде эрте мененки саат 7:58де ИИМдин ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718 аскер бөлүгүнүн Токтогул ГЭСтерин кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган Б.К. аттуу катардагы жоокер куралын оксуздандыруу учурунда кокусунан Н.И. аттуу ефрейторду атып алган.

“Ал оң колунун булчуңунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилиген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий