• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Кечеде көмүр калкка жана Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз берилүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Кара-Кече көмүр кенинде тазалоо иштери жүрүүдө, ошондуктан жеке жүк ташуучу унаалар үчүн көмүр берилбей жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ишканадан билдиришкендей, учурда көмүр калкка 3 миң сомдон сатуу үчүн жана Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз негизде берилүүдө.

"Тазалоо иштери бир жумага созулат", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, Кара-Кече көмүр кенинде жеке жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар көмүр кени жеке ишкерлер үчүн жабык экендигин билдирип, аларга көмүр сатылбай жатканына нааразы болушкан.

Пикир

Оставить комментарий