• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кара-Суу районунда 16,7 миң жаран пенсияларын толук алышты - Матраимов

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кара-Суу районунда 16,7 миң жаран пенсияларын толук түрдө алышты. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов билдирди.

Анын айтымында, жарандарга пенсияларын "Кыргыз почтасынын" кызматкерлери үймө үй жеткирүүдө.

"Кыргыз почтасы тарабынан 16 миң 713 пенсионерге жалпы суммасы 84 млн 124 миң 219 сом пенсия толук түрдө жеткирилди. Ал эми жөлөкпул боюнча 3 миң 878 адамга 14 млн 594 миң 371 сом толук төлөндү", - дейт ал.

Матраимов кошумчалагандай, айыл чарба тармагына жардам көрсөтүү негизинде байланыш телефондорунун номерлери 999 08 92 97, 0775 02 12 88, 0557 04 14 89 иштеп жатат.

"Ошондой эле райондордо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам бере турган 279 жеке ишкер катталды. Алар 19 миң 967 үй-бүлөгө жардам көрсөттү", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий