• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алайда дайынсыз болгон 38 жаштагы жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Алайда дайынсыз болгон 38 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 38 жаштагы А.И. аттуу тургуну (эркек киши) 19-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бүгүн, 22-декабрда таң эрте ал адамды издөө иштерин улантууга 20 куткаруучу, 1 милиция кызматкери, айыл аймактан 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган.

Издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий