• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каракол шаарында 111 чакырым СИП зымдары тартылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Каракол райондук электр тармактары күз-кыш айларына даярдануу иштеринин алкагында 2023-жылдын башынан бери 170 чакырым электр зымдарын жана 133 даана трансформаторлорун утурумдук ремонттон өткөрүп, 38 трансформатор жана 36 чакырым аба чубалгылары капиталдык ремонттон өткөрдү. Бул тууралуу Каракол райондук электр тармактары ишканасынан билдиришти.

Мындан сырткары, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында 111 чакырым эски алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылып,192 эски, авариялык абалдагы жыгач мамыларды, жаңы темир бетон мамыларга алмаштырды.

Белгилей кетсек, СИП зымдары терс табигый факторлорго туруктуу келет. Катуу шамаалда электр энергиясынын кыска туташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна, муздун тоңуп калышына азыраак дуушар болушат.

Ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 130 чакырым аба чубалгыларынын трассасын бойлото бак-дарактардын бутактарын кыюу иштери жүргүзүлдү.

Керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн Каракол шаары боюнча 3 жаны трансформатор орнотулду.

Жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды азайтып, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана жарыкты үзгүлтүксүз берүү иштерин жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий