• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Каракол шаарында жол коопсуздук кызматкерлери Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүнүн алдында автоунаа жүрүшүш уюштурушту. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү – ар жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү ишемби күнү белгиленип келет. Анын максаты – жол кырсыктарынан каза болгон адамдардын элестерин эскерип, коомчулуктун бул көйгөйгө көӊүлүн буруу болуп эсептелинет.

Эскерүү күнүнүн алдында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери «Өз өмүрүӊ – өз колуӊда!» аталышында автоунаа жүрүшүн уюштурушту. Иш чаранын башталышында, анын уюштуручулары жол кырсыктарынан каза болгондорго таазим көрсөтүп, андан кийин жол кырсыктарына учураган автоунааларды шаардын борбордук көчөлөрүнөн өткөрүштү. Мындай акция менен милиция кызматкерлери, шаардыктарды жол эрежелерин сактоого жана өзүнүн жана башка адамдардын өмүрүнө кайдыгер болбоого чакырышты.

«Биз Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнүн жыл сайын өткөрүп келебиз. Бул кайгылуу, ал тургай трагедиялык себеп. Ошол эле учурда жол кыймылында өзүлөрүнүн жана башкалардын өмүрүн сактап кала турган маалыматты жарандарыбызга жеткирүү болуп саналат. Жолдо өзүӊдүн өмүрүӊө – өзүӊ жоопту болгондуктан, жол эрежесин сактоо ар бирибиздин милдетибиз болуш керек», - дейт ЖКККБнын башчысы Талайбек Намазбеков.

Пикир

Оставить комментарий