• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо 9 айда жол кырсыгынан 47 адам жабыркап, 7ө каза болгон, арасында жаш балдар бар

Аймак 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Каракол шаарында 9 айдын ичинде жол кырсыгынан 47 адам жабыркап, 7 адам каза болгон, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, Караколдун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы кырсыктарды азайтуу максатында “Жөө жүргүнчү” аталыштагы профилактикалык иш-чаралар өтүүдө.

Бекитилген планга ылайык, аталган иш-чарага аймактык ички иштер кызматкерлери, өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторлор, Каракол шаарынын автоинспекция кызматкерлери тартылган.

Жалпысынан Каракол шаарында 9 айдын ичинде 31 жол кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18 учурга аз. Кырсыктын кесепетинен 47 адам жаракат алып, 5 адам каза болгон. Жашы жете элек балдардын катышуусунда 9 жол кырсыгы катталып, 9 бала жарат алса, 2 бала каза болгон.

Катталган жол кырсыктарынын 30у айдоочулардын айынан болсо, анын 7дө айдоочулар мас абалында болгондугу аныкталган.

Тогуз айдын ичинде жол эрежелерин бузуу үчүн автоинспекторлор тарабынан 4 миң 300 административдик протокол тузүлгөн. Унааны мас абалында башкаргандарга карата 112 протокол түзүлгөн. Салынган айыптын жалпы суммасы 7 млн. 247 мин 399 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий