• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караколдо Нооруз майрамына карата кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, Ысык - Көл облусунун Каракол шаарындагы К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Нооруз майрамына карата "Төгүлгөн ыра дайра, төкмөдөн күлүк Майра" эл аралык айтыш өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спот жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Салтанат Аманова катышууда.

Айтыш кыргыз-казак акындарынын катышуусунда өтүүдө. Жеңүүчүлөр тууралу маалымат кошумча берилет.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, аталган иш-чаранын алкагында азык- түлүк жарманкеси өтүп, шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий